БААУнун Жаңы муун академиясынын стипендиалдык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу ачылды
1 марта 2023
Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин Жаңы муун академиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген орто мектептердин 25 бүтүрүүчүсүн толук стипендия менен камсыздайт.
ЖМАнын стипендиялык программасы студенттин төмөнкү чыгымдарын камтыйт:
- ЖМАда бир жылдык окуунун толук баасын
- Жатаканадагы жашоосун
- Ай сайын төлөнүүчү стипендиясын.
Стипендиялык программага документтерди кимдер тапшыра алат?
Талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
- Тапшыруу учурунда Кыргызстанда жашоосу жана КРнын жараны болуусу керек.
- Англис тилин орто деңгээлде билиши керек.
- 2022/2023-окуу жылында орто мектептин/колледждин бүтүрүүчүсү болушу керек.
ЖМАнын стипендиясына кантип тапшыруу керек?
I кадам: Стипендия алуу үчүн талап кылынган документтерди жана арыз формасын 2023-жылдын 13-майына чейин тапшыруу керек.
II кадам: Англис тилинин деңгээлин аныктоочу тест тапшыруу жана аңгемелешүүдөн өтүү керек.
Анкетаны жана документтердин тизмесин биздин веб-сайттан тапсаңыздар болот https://auca.kg/ru/nga_scholarships
МААНИЛҮҮ: Экинчи турга өткөн абитуриенттер гана тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакырылат.
ЖМА менен кыялдарыңызды орундатууга бет алыңыз!