БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Аймактардагы университеттер үчүн “Жасалма интеллект тармагындагы маалыматтык сабаттуулук” семинары

26 января 2024

#китепкана#library#CTLT

24-25-январь күндөрү Сабак өтүү, окутуу жана технологиялар борбору БААУнун китепканасы менен биргеликте жасалма интеллекттин шаймандарын билим берүү тармагында практикалык колдонуу боюнча онлайн-семинар уюштурушту. Ага Кыргызстандын алдыңкы университеттеринен 100дөн ашуун окутуучулар менен кызматкерлер катышты. Семинардын программасы өзүнө жасалма интеллекттин негиздери жана принциптери, ChatGPT`нин мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөрү, ошондой эле ChatGPT жана башка шаймандарды пайдалануу сыяктуу темаларды камтыды. Башкы насаатчынын милдетин Сабак өтүү, окутуу жана технологиялар борборунун директорунун орун-басары Екатерина Комбарова аркалады.


Семинарга болгон чоң кызыгуу жана катышуучулардын жогорку баалоолору жасалма интеллект доорунда маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу боюнча билим берүүчү уюмдардын өз-ара биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгын белгиледи. Иш-чара БААУнун Кыргызстандын башка ЖОЖдору менен тынымсыз кызматташуусунун алкагында уюштурулду.

<<