Киноиндустриянын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамота
29 января 2024
“Кыргыз тасмасы” мамлекеттик кино борбору Борбордук Азиядагы Америка университетин улуттук киноиндустриянын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйлады.
Кино борбордун Facebook`тагы баракчасында айтылгандай, Кыргызстандын жаш кинематографисттерин даярдоо менен бирге улуттук киноиндустриянын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.
Ардак грамота 29-январда БААУнун Кино, телевидение жана медиа искусстволор факультетинин жетекчиси Адилет Каржоевге тапшырылды.