Балага китеп белек кыл
14 марта 2024
БААУнин китепканасы балдар китеби күнүнө карата “Балдарга китеп белек кыл” деген аталыштагы акциясын уюштурууда. Акциянын башкы максаты балдар адабиятын чогултуп, белек катары балдар үйүнө тапшыруу болуп саналат. Иш-чара 2024-жылдын 11-мартынан 29-мартына чейин өткөрүлөт. Каалоочулар 5-12 жаш курактагы балдарга арналган жомокторду, аңгемелерди, чыгармалар жыйнактарын, боёк китептерди ж.б. ушул сыяктуу китептерди тартуулай алышат. Китептерди БААУнин китепканасынын 340 жана 330 бөлмөлөрүнө тапшырсаңыз болот.
Чогултулган китептер, 2-апрель Эларалык балдар китеби күнүндө балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.