БААУнун соңку жыйынтыктоочу сынактарына каттоо узартылды!
21 июля 2024
БААУнун экинчи агымындагы соңку жыйынтыктоочу сынактарына каттоо 2024-жылдын 25-июлу саат 17:00гө чейин узартылды.
Бишкек шаарындагы абитуриенттер төмөнкү дарек боюнча каттала алышат: БААУ, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, кеңсе G20.
Эл аралык жана Кыргызстандын аймактарындагы абитуриенттер электрондук дарек боюнча каттоодон өтө алышат: admissions@auca.kg.
Каттоо үчүн документтер:
- Паспорттун көчүрмөсү
- Фото 3х4
- Каттоо взносу
Кирүү сынактары 3 бөлүктөн турат:
- Англис тилинен тест - 80 мүнөт
- Эссе - 60 мүнөт.
- Математика - 60 мүнөт
Сынактын датасы: 28-июль 2024-жыл
Окууга тапшыруу тууралуу кенен маалымат алуу үчүн чалгыла жана жазгыла:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18