БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Арбитражда курсту коюу: өндүрүш жана карьералык перспективалар

4 сентября 2024

Биз сиздерге 13-сентябрда Бишкекте өтүүчү өзгөчө иш-чара тууралуу чоң кубануу менен маалымдайбыз. Эл аралык соода палатасынын Young Arbitration & ADR Forum форуму Kalikova & Associates юридикалык фирмасы менен биргеликте “Арбитражда курсту коюу: өндүрүш жана карьералык перспективалар” иш-чарасын уюштурат. Белгилей кетсек, аталган юридикалык фирма биздин окуу жайдын маалыматтык колдоосунун алдында иш-чаранын демөөрчүсү болууда.

Иш-чара арбитражды терең түшүнүү жана анда ийгиликтүү карьера курууну каалаган, өз билимдерин тереңдеткиси келген, өз ыкмаларын өнүктүрмөкчү болгон кесипкөйлөрдүн баары үчүн ачык. 

Иш-чара орус тилинде өткөрүлөт.

Иш-чарага катышуу акысыз, бирок ага катталуу керек. Каттоодон өтүү үчүн шилтеме: https://2go.iccwbo.org/icc-yaaf-navigating-arbitration-proceedings-and-career-prospects.html#programme

Бул өзгөчө иш-чарага кошулуңуз, ал сиздин кесипкөйлүк практикаңызды байытып гана тим болбостон, ошондой эле сиздин билимдериңиз менен байланыштарыңыздын горизонтторун кеңейтет.

 

<<