U.S.-CAEF 2025 Стипендия программасына кабыл алуу ачылды
10 октября 2024
U.S.-CAEF 2025 стипендия программасына арыз тапшыруу КАЗАКСТАН, КЫРГЫЗСТАН, ТАЖИКИСТАН жана ӨЗБЕКСТАН жарандары үчүн АЧЫК!
U.S.-CAEF программасы бизнес-менеджмент, экономика, программалык инженерия же прикладдык математика жана информатика багыттары боюнча Борбор Азиядагы Америкалык Университетинде (БААУ) бакалавр даражасын алууга престиждүү стипендия сунуштайт.
- 4 жылга толук окуу акысын каржылоо
- Ай сайын төлөнүүчү стипендия
- Жатаканада жашоо үчүн төлөмдөр
- Жол кире чыгымдарын жабуу
Кошумча мүмкүнчүлүктөр:
- Тармактагы алдыңкы эксперттер менен таанышуу
- Толук каржыланган жайкы регионалдык стажировкалар
- Академиялык колдоо жана ментордук программа
- Кесиптик жана жеке өнүгүү үчүн иш-чаралар
- S.-CAEF бүтүрүүчүлөрүнүн эксклюзивдүү тармагына жетүү
Толук маалымат алуу үчүн бул сайтка кириңиз: https://uscaef.org/apply/ жана программанын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз.
Арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 22-январы, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).