БААУнун Өнүктүрүү кеңсеси
Биздин жаңылыктар жана иш чаралар тууралуу кененирээк окуңуз>>
Жетекчилик кыл, жолду көргөз!
Өнүктүрүү офиси БААУ коомчулугунун идеяларды ишке ашыруучу чыгармачыл борбору болуп саналат. Бул офис максаттарды мүмкүнчүлүктөр менен бириктирүү үчүн түзүлгөн.
Бул жылдагы биздин артыкчылыктуу максаттарыбыз:
- бөлүмдүн ишин системалаштыруу;
- ички жана тышкы кызыкдар тараптар менен эффективдүү кызматташууга көмөктөшүү үчүн офиске көрүнүктүүлүк тартуулоо;
- өнүктүрүү боюнча иш-чараларды борборлоштуруу, анын ичинде гранттык өтүнмөлөрдү тапшыруу жана аны андан ары башкаруу,
- бардык катышуучулардын ортосунда байланыштарды түзүү;
- күчтүү коомчулук куруу;
- офистин туруктуу стратегиясын түзүү, ж.б.
Өнүктүрүү офиси өзунун үзгүлтүксүз иш-аракеттеринен тышкары дагы төмөндөгүлөрдү көзөмөлдөйт:
БААУнун Фонду
Сиздин БААУга арнаган белегиңиз маанилүү жана студенттердин, келечектеги муундарынын жана андан тышкаркы муундардын жашоосунда өзгөчөлөнөт.