Грант арызын берүү
Урматтуу студенттер! Ачык Эшик Гранттарын Борбордук Азиядагы Америка университетинин бардык студенттери пайдалана алат. Төмөндөгү арыз формасын толтуруп, өмүр баяныңызды, рекомендациялык катты тиркеп, “Жибер” баскычын басыңыз. Арыздар ар айдын 15-күнүнө чейин тапшырылышы керек. СИЖК арыздарды айдын 18-күнүндө карап баштайт. Грант жеңүүчүлөрүнө айдын 30-күнүндө кабар берилет. Чет өлкөдө жайкы мектеп программаларынын бардыгы апрель айында каралып чыгат. Суроолор менен silc@auca.kg дарегине кайрылыңыз.